Көпчүлүгү көргүсү келген Бурса. Маданий борборго саякат

 Көпчүлүгү көргүсү келген Бурса. Маданий борборго саякат

Түркия кооз табияты менен катар тарыхый баалуулуктары менен да ары кызыктуу, ары табышмактуу өлкө. Маселен Анатолиянын түндүк-батышында жайгашкан Бурса шаары тарыхтын терең издери сакталып калган ири калаа. Жаратылышы да кооз. Тарых жана бай маданиятка ээ бул эски калаа 2022-жылы Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору аталды.

Бурса Түркияда киш спортторунун мекени катары да белгилүү. Айрыкча тарыхый имараттары, эскиден калган мончолору, уникалдуу архитектурасы жана жергиликтүү тамак-аштары менен көпчүлүктүн кызыгуусун арттырып келет. Биз бүгүн сиздерге дал ушул маданий ордо, Бурсадагы тарыхый-маданий мурастар тууралуу кеңири айтып беребиз.

КОЗ ЖООСУН АЛГАН КОЗА ХАН МЕЧИТИ

Түркиядагы Улуу мечит менен Орхан мечитинин аралыгында жайгашкан Коза Хан мечитин Султан Баязид II курдурган. Имарат эки кабаттан турат. Үстүнкү кабатында 50, астыңкы кабатында болсо 45 бөлмө бар. Мечит кирпич жана таштан салынган.

КОЗА ХАН БҮГҮНКҮ КҮНДӨ

Коза Хандын тарыхый, архитектуралык стили толук сакталып калган. Бүгүнкү күндө зыяраткананын жогорку кабатында жибек жана жибек товарлары сатылган дүкөн бар. Коза Хандын жогорку кабатында күн чыгышка караган бир эшик, астыңкы кабатында болсо Орхан мечити менен жабык базарга карай ачылган эшиктери бар. Коза Хан мурункудай эле ,бүгүнкү күндө да Бурсанын жибек жана соода борбору болуп саналат.

МУРАДИЕ КОМПЛЕКСИ

Мурадие бул – Осмон султандарынын Бурсага салган эң акыркы комплекси. Комплекс мечит, медресе, оорукана, мончо жана храмдардан турат. Мурадие копмлексин 1425-1426-жылдары Султан Мурат II курдурган. Чынар жана кипарис дарактары менен курчалган комплекстин бакчасында Султан Мурат II жана анын үй-бүлөсүнүн мүрзөлөрү бар. КӨП КҮМБӨЗДҮҮ ЧОҢ МЕЧИТ Чоң мечитти 1396-1400-жылдары Йылдырым Баязид салдырган. Бурсанын тарыхый символдорунан бири болгон Чоң мечит, Осмон мечиттеринин арасынан көп күмбөздүүлүгү менен айырмаланып турат. Муну ошол кездеги көп күмбөздүү курулуштардын биринчи монументалдык үлгүсү катары да санасак болот. Чоң мечит 20 күмбөз жана эки мунаралуу болуп курулган.

КАТТАР КАТЫЛГАН КООЗДУК

Чоң мечиттин ички дубалдарында түрдүү граффитилер жана 190дон ашык каллиграфиялык такталар бар. Ошондой эле граффитинин астына автордун кол тамгалары калтырылган. Ошондой эле мечиттин ичине баалуу сааттар, шамдар жана Куранды да көрүүгө болот.

“TEТИРИ T” МЕНЕН КУРУЛГАН ЖАШЫЛ МЕЧИТ

“Teтири T” планы менен курулган Жашыл мечит бир Бурсанын гана эмес Түркиянын эң кооз тарыхый жерлеринин бирин болуп эсептелет. Жашыл мечитти Челеби Султан Мехмед курдурган.Жашыл мечиттин киреберешиндеги таажылуу дарбаза түрк таш оймо искусствосуна эң мыкты үлгү боло алат. Мечит жашыл таш жана мраморлор менен кооздолгон. Ал эми ички дубалдары, шыптар, намазканаларына плиталар коюлган. Мечит 10 метрден бир аз бийигирээк.

ТҮРК ЖАНА ИСЛАМ ИСКУССТВО МУЗЕЙИ

Алгач Осмон мечиттеринин бири болуп Султан мечити катары таанылган Жашыл медресе 1923-жылы Түрк жана Ислам искусство музейине айланган. Медреседен Селжук жана Осмон монеталары жана салттуу түрк кол өнөрчүлүк жана эмгектерин көрүүгө болот.

ТАРЫХЫ ТЕРЕҢ ИЗНИК

Изник ​​(Байыркы Никая) чалкыган көлдөрү, табигый жана тарыхый кооз жерлери менен Бурсанын көркүн ачкан ири, кооз шаар. Изниктин христиан дүйнөсү үчүн да өзгөчө орду, мааниси бар. Иерусалим менен Ватикан гүлдөп турганда Изник христиандардын ыйык шаары болуп саналган. Христиан епископторунун алгачкы жыйыны бул жерде 325-жылы өтүп, ага 218 ак сөөк катышкан. Христиандар эң ыйык деп эсептеген сегиз ажылык борбордун бири Изник ​​шаарында жайгашкан.

ИЗНИКТЕ САКТАЛГАН МУРАС

Изникке келсеңиз Айя София менен Рим театрын зыярат кылып, керамикалык устаканалар жана карапачылардын иши менен да тааныша аласыз. Көл жээгиндеги пляждарда күнгө күйүп, сүзүп, тузсуз балыктардын даамын татып көрөсүз. Изник ​​ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине да киргизилген.

ХУДАВЕНДИГАР МЕЧИТИ

Худавендигар мечити Мурат I уулу Йылдырым Баязид доорунда курулган. Зыяраткана 1854-жылдагы жер титирөөдө толугу менен талкаланып калган. Андан кийин мечет башкача стилде кайра курулган.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар