Көп жылдык бак-дарак – таза абанын булагы

 Көп жылдык бак-дарак – таза абанын булагы

Ош шаарында Ак-Буура дарыясынын жээгин реконструкциялоого байланыштуу жалпы 199 бак-дарак кыйылат. 2020-жылдан тарта дээрлик жарымы кыйылып, дарыянын жээгин оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө.

Ал эми статистикалык маалыматтарга токтоло турган болсок, Ош шаары боюнча 2020-жылы 400дөн ашуун дарак кыйылса, анын 312си Аскар Шакиров көчөсүн кеңейтүү үчүн алынган. Өткөн жылы калаа боюнча 56 дарак кыйылды.

Шаарды көрктөндүрүүгө карата жүрүп жаткан кыйылууларды шаар тургундары колдобойт. Алардын пикиринде дарактарды кыйуу жашылдандыруу маселесин ого бетер курчутууда.

“Мисалы, биз Ак-Буурага жакын жашайбыз. Ошондуктан анын жээгиндеги дарактар кыйылып жатканы жаккан жок. Дарыянын айланасынан ижарага жер алып дарак тиккендерди эсепке алганда бир топ дарак бар эле. Ошолордун эсебинен шамал жүрүп, жээгине чыкканыбызда көлөкө болуп турчу”,- деди Бактыбаев.

Шаардык жашылдандыруу чарба комбинатынын башкы агроному Арзыбек Бөжөков дарактар авариялык абалга кептелгенде (чирип, куураганда) же ошол жерге электр мамычаларын орнотуу зарылчылыгы жаралганда кыйылып жатканын айтты.

Ошол эле учурда кыйылган дарактардын ордуна жыл сайын миңден ашуун көчөт отургузулат.

2021-жылы миңге жакын дарак отургузулду. Анын 800 даанасы көктөдү. Ал эми бул жылы 1 300 көчөт отургуздук. Анын 600 даанасы ийне, калганы жазы жалбырактуу дарактар. Азыркы тапта 20 000 түп бадал отургузулуп жатат”.

Көп жылдык жана жаңы көчөттөрдү кошкондо Ош шаарында бак-дарактын жалпы саны 30 миңден ашат. Бирок, адам санына салыштырганда дарактардын саны жетишсиз.

Биология илимдеринин доктору Зулумкан Абдыманапованын айтымында бак-дарактардын аздыгы абанын булганышына, микроклиматтын начарлашына алып келүүдө. Анын негизинде адамдардын ден соолугу да жабыркап жатат. Бир чети Ош шаарында акыркы жылдары жашыл аймак, скверлердин ордуна көп кабаттуу үйлөр, имараттар курула баштады. Бирок ошол кооз курулуштардын айланасын жашылдандыруу көңүл сыртында калып жатат.

Ош шаарында дарактардын санын көбөйтүп, жашыл аймакка айландыруу үчүн калаа жетекчилиги тарабынан атайын долбоор иштелип чыгып, ар бир объектке бак тигүү демилгесин аткаруу зарыл.

“Ушул өңдүү маселелерди чечүүдө башка мамлекеттерде кандай ыкмалар колдонулуп жатканын жана Оштун климаттык шартын изилдегенден соң сунуштар берилиши керек. Өзү Ош шаарынын климаты континенталдык. Бирок, жыл сайын аба ырайынын ысып жаткандыгына байланыштуу быйыл кышында кар жааган жок. Ошондуктан шаар ичине тез өсө турган, пайдалуулугу жогору дарактарды тигүү керек. Мисалы, теректин түрлөрү. Алар тез өсөт, көлөкөсү дагы жакшы”.

Ал эми эколог Анара Султангазиева жетилген дарактарды кыйбоого аракет кылуу керек дейт. Башкача айтканда, бир жетилген дарактын ордун жаңы көчөт толуктай албайт. Себеби дарактар жалбырактары аркылуу зыяндуу зат, чаңды жутуп абаны тазалайт. Ошондой эле, ызы-чуу, шамалдан коргоо жана жердин деградацияга кабылбоо функциясын аткарат.

“Бак-дарак жетилип, өзүнүн пайдалуу функциясын аткарууга жарамдуу болушу үчүн 10-15 жыл керектелет. Ошондуктан жаңы көчөттөр дароо эле экологияга салым кошо албайт. Маселен, кыйылган бир дарактын ордун 15 көчөт толтурушу мүмкүн. Ошондо да алардын жалбырак байлап калгандары болушу керек. Мисалы, кышында дарактардын жалбырактары жок болгон кезде ыш болуп, кир аба каптайт. Мындан тышкары, автоунаалардын саны жылдан-жылга көбөйүп, алар дагы абаны булгап жатышат. Мына ушуларга каршы чара катары бак-даракты көбөйтүү керек”,- деди Анара Султангазиева.

 

Атадан мураска калган багбанчылык

Араван районунун тургуну Хабибулло Идирисов жаштайынан бак тигүү, аны өркүндөтүүгө басым жасайт. Кесиби багбан болбогону менен бул өнөр ага ата тегинен калганын айтты. Учурда 15 сотых жеринде 50дөн ашуун дарак бар.

Каарманыбыз бак тигүүнүн сырларын бир нече жыл дегенде өздөштүргөн. Азыр дагы жаңы көчөттүн түрлөрүн өстүрүү боюнча агрономдордон кеңеш алып, үйрөнүп келүүдө. Негизгиси көп жылдык эмгегин эске алган айылдаштары андан кеңеш сурап, бак өстүрүү жол-жоболорун үйрөнүшөт.

Хабибулло Идирисов багбанчылыктан бир нече жылдан бери киреше да таап жатат. Маселен, кокон гилас бышканда кардарлар үйүнөн эле алып кетишет.

“Айылда жашаса дагы эмгектенбей турган адамдар бар. Жерди колдонушпайт. Бирок, бак тигиш керек. Багбанчылыктын дагы өзүнүн сырлары бар. Мисалы, бакка туура кам көрүү, зыянкечтерге каршы күрөшүү ыкмалары боюнча интернет аркылуу маалымат алам. Бак-дарактын өзүнө жараша ырахаты бар. Иштеп, аларга кетирген убакытты дарак гүлдөп, мөмө байлаганын көргөндө унутасыз. Адам бар жер жашылданат. Бул жер таза абанын уясы, жеңил дем аласыз. Бул дагы бизге чоң пайда”.

Көчкү баскан жер азыр жашыл аймактардын катарын толуктады

Оштун Өзгөн районундагы мындан 5 жыл мурун көчкү баскан Курбу-Таш айылы азыр жашыл аймакка айланды. Жер көчкү жүргөндөн бир жыл өтүп, район жетекчилиги, жергиликтүү тургундар жана “Юг Лес” коомдук фонду токой түптөө боюнча сүйлөшүп, жердин абалын изилдөө үчүн эрте жазда көчөттөрдү отургузуп көрүшкөн. Натыйжада күзүндө алардын дээрлик баары көктөгөн.

“Юг Лес” коомдук фондунун жетекчиси Абдижапар Аккуловдун айтымында, алгач 20 гектар жерге 8 500 түп дарак жана бадал көчөттөрү отургузулуп, кийин дагы 2 000 түп жаңгак тигилген.

“Дарактарды мал жеп кетпесин, жакшы өссүн деп айланасын темир тосмо менен курчап чыкканбыз. Эми алдыдагы 1-2 жылда мөмөлүү дарактар түшүм берип, пайдасын бардык жергиликтүүлөр көрөт деп турабыз. Негизгиси колдонулбай жаткан жер жашыл болуп, бак-дарактар менен толукталды. Бул бир чети экологияны сактоого салым болууда”,- деди Акккулов.

Өлкөдө бак-даракты көбөйтүүгө арналган “Жашыл Мурас” улуттук өнөктүгү жүрүүдө

Кыргызстанда экологияны жакшыртуу максатында “Жашыл Мурас” улуттук өнөктүгү жүрүүдө. Мында өлкөнүн бардык аймагында бак тигүү акциясы уланып жатат. Токой чарбасы мамлекеттик агенттиги 135 миң даана көчөттү отургузууга таратып берген. Жалпы 6 миллион көчөт отургузуу пландалган. Анын 1,5 миллиону мамлекеттин фондундагы жер тилкелерине, калганы жергиликтүү калк жашаган аймактарга отургузулат.

Аталган мекеменин өкүлү Майрамбек Алиевдин билдиришинче, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарына ийне жалбырактуу дарактар, бадалдар жана жаңгактын көчөттөрү отургузулууда. Салыштырмалуу өлкөнүн түштүк зонасында аба ырайы жылуу болот. Ошондуктан жылуу климатка ылайыкташкан жана кургакчылыкка чыдамдуу дарактар тандалган. Ал эми түндүк аймактын климаты дээрлик нымдуу болгондуктан кайың сыяктуу теректердин түрү тигилет.
Белгилей кетсек, “Жашыл Мурас” улуттук өнөктүгү июнь айында аяктайт.

Ушундай эле бак-дарак отургузуу дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде өтөт.

Ал эми жашыл аймактардын алдыңкы сабында Норвегия, Сингапур, Австралия, Австрия жана Кытай мамлекеттери турат. Маселен, Норвегиянын борбор шаарынын үчтөн экисин бак ээлейт. Бул жерде өсүмдүктөрдүн 7 миңден ашуун түрлөрү өстүрүлүп, ботаникалык багы туристтер арасында популярдуу болуп саналат.

Бул материал АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) жана FHI360 уюмунун каржылоосу менен Кыргызстандагы Интерньюстун өкүлчүлүгүнүн Медиа-К долбоорунун колдоосунда ишке ашырылды. Материалда айтылган пикирлер Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн көз карашына дал келбеши да мүмкүн.

Даярдаган: Нуржамал Баргыбаева

Жанылыктар