Эл аралык террористтик уюмдун шериктеши кармалды

 Эл аралык террористтик уюмдун шериктеши кармалды

Ушул жылдын 15-февралында Жалал-Абад облусунда эл аралык террористтик уюмдун издөөдө жүргөн шериги — Сузак районунун 1976-жылы туулган Р.К.А. кармалды.

Бул туурасында УКМКдан билдиришти.

Кылмышка шектүү эл аралык террористтик уюмдун мүчөлөрүнө Калашников (АК-74) жана гранатомет саткандыгы аныкталды.

“Ал куралдар менен кийинчерек Бишкек шаарынын аймагында террордук актыларды уюштуруу пландалган, бирок ал каражаттар өз убагында УКМК тарабынан жок кылынган”,-деп айтылат маалыматта.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери улантылып жатат.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар