Ишкер Журат Абдуллаевдин иш бөлмөсүнөн 822 миллион сом табылды

 Ишкер Журат Абдуллаевдин иш бөлмөсүнөн 822 миллион сом табылды

Ишкер Журат Абдуллаевдин иш бөлмөсүнөн ири суммадагы акча каражаты табылды. Бул тууралуу улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди. 

Маалыматка ылайык, «Үмүт и К» ЖЧКсынын ээси Журат Абдуллаевдин иш бөлмөсүнөн кошумча түрдө ар кандай калибрдеги ок-дарылар, салмагы 2,03 граммды түзгөн баңги заты, ошондой эле ири өлчөмдөгү акча сакталган жай табылган.

1) 7,354,475 АКШ доллары;
2) 209,164,100 сом;
3) 100,960 евро
4) 1,055,900 рубль;
5) 155 дирхам.

Табылып алынган каражаттардын жалпы суммасы 822 миллион сомго барабар.
Маалыматтарга караганда, учурда «Үмүт и Ко» ЖЧКсынын КР салык органдарына 10 млн сомдон ашык карызы бар болгон.

Ошону менен бирге, тергөө иш-чаралары алынган курал-жарактар жана ок-дарылар боюнча гана жүргүзүлүп, «Үмүт и Ко» ЖЧКсынын ишкердигине тоскоолдук кылбай турганын белгилейбиз. Учурда ишкананын өндүрүшү штаттык режимде иштеп жатат.

Жанылыктар