Ишканалар менчигинин түрүнө карабай тамеки чегүүчү жай түзүүгө милдеттендирилет. Мыйзам долбоору коомдук талкууда

Жогорку Кеңештин депутаттары коомдук жайлардын ээлерин менчигинин түрүнө карабастан тамеки чегүү үчүн атайын бөлмөлөрдү уюштурууга милдеттендирген мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду.
Демилгечилер: депутаттар Улугбек Ормонов, Бактыбек Сыдыков, Элмурза Сатыбалдиев, Акылбек Түмөнбаев.
Мыйзам долбооруна ылайык, башка жарандардын ден соолугун жана адеп-ахлагын сактоо максатында менчигинин түрүнө карабастан уюмдар, ишканалар жана коомдук жайлардын менчик ээлери атайын тамеки чегүүчү жайларды жана аларды санитардык-гигиеналык, өрт коопсуздугунун нормаларына ылайык жабдуусу зарыл.
Мыйзам долбоорунда ошондой эле 14 жашка чейинки балдарга тамеки буюмдарын, электрондук тамекилерди сатууга уруксат берген ата-энелерге, асырап алгандарга же камкорчуларга чара көрүү сунушталууда.
Мыйзам чыгаруучу КР Жоруктар жөнүндө кодексинде балдарга тамеки буюмдарын сатууга тыюу салууну жана санкцияларды караштырып, бирок балдарга тамеки буюмдарын сатуу мүмкүнчүлүгүн түзгөн адамдардын жоопкерчилигин көрсөткөн эмес. Ошондуктан 14 жашка чейинки балдарга тамеки буюмдарын сатуу мүмкүнчүлүгүн түзгөн адамдардын жоопкерчилигин киргизүү сунушталып жатат.
Ага ылайык, жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч (5,5 миң сом), юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч (17 миң сом) өлчөмүндө айып салуу менен толуктоо сунушу киргизилди.