Исхак Раззаков шаарында Раззаковдун эстелиги ачылды

 Исхак Раззаков шаарында Раззаковдун эстелиги ачылды

Баткен облусунун Раззаков шаарынын борбордук аянтында мамлекеттик жана саясий ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры Исхак Раззаковдун эстелиги ачылды. 

Иш-чарага катышкан Министрлер Кабинетинин башчысы Исхак Раззаковдун мамлекетибиздин түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө кошкон зор салымын белгиледи.

Ошондой эле мамлекеттик ишмердин масштабдуу долбоорлорду ишке ашырууга кошкон баа жеткис салымын баса белгиледи. Тактап айтканда, Чоң Чүй каналынын, суу топтоочу жайдын жана плотинанын курулушу, республикадагы биринчи ГЭС – Үч-Коргон ГЭСинин курулушу жыйынтыкталган.

«1951 — 1955-жылдары республикада 48 жаңы өнөр жай ишканалары ишке киргизилген. Мисалы: Фрунзедеги жип ийрүү-токуу фабрикасы (камволдук комбинат), Аламүдүн ГЭСи, Ош жана Кызыл-Кыя шаарларындагы кирпич заводдору, Кыргызстандын тоо-кен комбинаты, Кара-Суу май комбинаты). 1950-жылдардын экинчи жарымында 21 өнөр жай ишканасы жана 50ге жакын цех иштей баштаган. Алардын ичинде Токтогул ГЭСинин долбоору, Фрунзе шаарындагы ЖЭБ курулушу, Октябрдын 40 жылдыгы атындагы кийим тигүү фабрикасы, Нарын шаарындагы нан комбинаты,  Көк-Жаңгактагы Сары-Булак көмүр шахтасы, Орто-Токой, Наманган, Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычтарынын курулушу бар. Республиканы жетектеп турганда Төрт-Көл, Папан, Киров, Базар-Коргон суу сактагычтары иштей баштаган. Бишкек ЖЭБинин курулушунун негизги иштери 1958-жылы башталган», – деди Жапаров.

Министрлер Кабинетинин башчысы Исхак Раззаковдун “Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот” деген сөзүн келтирип, мамлекеттик органдардын жетекчилерин элдин кызыкчылыгы үчүн таза иштөөгө чакырды.

 

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар