Исфана шаарына Исхак Раззаковдун ысымы ыйгарылат. Президент чечим кабыл алганын айтты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-декабрда Министрлер кабинетинин жыл жыйынтыгына арналган отурумунда Исфана шаарына мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун ысымы берилерин билдирди.
«Мен президенттик шайлоодо 1-үгүт иштерин Баткенден, Исхак Раззаковдун мекенинен баштагам. Быйыл Раззаковдун 110 жылдыгынын урматына Исфана шаарын Раззаков шаары деп атоо боюнча чечим кабыл алдым” –деди Жапаров.
Мамлекет башчы өз сөзүндө быйыл чек арадагы куралдуу жаңжалда жабыркаган Баткен үч айда калыбына келтирилгенин айтып, облуска өзгөчө макам берилгенин белгилеп өттү. Ал мамлекеттик жетекчилерди өлкөнүн өнүгүшүнө, элдин жашоосун жакшыртуу үчүн кызмат кылууга чакырды. Аймактагы жана башка мекемелердин башчыларын өлкөнү кыдырып, элдин чыныгы жашоосун көрүүгө чакырды.
Исфана шаары — Баткен облусундагы Лейлек районунун борбору. Үч тарабынан Тажикстан менен чектешет. 2009-жылдагы эл каттоонун жыйынтыгына ылайык шаарда 30 миңге жакын эл жашайт.