Испаниядан Кыргызстанга оор кылмыш жасоого шектүү алынып келинди

Башкы прокуратуранын оор кылмыш жасагандыгы боюнча издөөдө жүргөн айыпкерди экстрадициялоо тууралуу суроо-талабы Испаниянын Юстиция министрлиги тарабынан канааттандырылды.
2021-жылы айыпталуучу Э.уулу.А. “А.Б.” аттуу жаранды бычактап, ден-соолугуна оор зыян келтирип, өлкөдөн качып кеткен. Ага карата укук коргоо органдары тарабынан эл аралык издөө жарыяланып, Испаниянын Мадрид шаарында кармалган.
2023-жылдын 22-февралында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын тапшырмасы боюнча КР ИИМ кызматкерлери тарабынан Бишкекке алынып келинди.