Ирригациялык системаларды оңдоого 1 млрд сом бөлүндү

 Ирригациялык системаларды оңдоого 1 млрд сом бөлүндү

Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу ирригациялык системаларды оңдоого 1 миллиард сом бөлүндү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдирди. 

Бул каражаттар ирригациялык тармактарды оңдоо жана тазалоо иштерин жүргүзүүгө жумшалат. Айыл чарба министрлигинин Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, ирригациялык системалардын начарлашынан улам сугат иштеринде ири көлөмдөгү суу коромжуга учурап келген.

Мындан тышкары, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого 1,9 млрд сом бөлүндү, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна дан жана башка керектүү продукцияларды сатып алуу үчүн каражат бөлүнгөн.

Үрөнчүлүк чарбаларын жана айыл чарба өндүрүүчүлөрүн жогорку түшүмдүү үрөн менен камсыз кылууда мамлекеттик колдоо көрсөтүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна 1 млн 534 миң сом бөлүндү.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча жогорудагы чаралар өлкөнүн агроөнөр жай комплексин колдоого багытталган.

Жанылыктар