Баткен: ири өлчөмдө акча уурдаган кылмышкерлер кармалды

Баткен облусунда оор кылмыштарга шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, алар жарандардын үйлөрүнөн бир нече миллион сом уурдашкан. Шектүүлөр мындан башка дагы кылмыштарга шектелип жатат.
Буга чейин милиция кызматкерлери үч шектүүнүн жашаган жерине уруксат берилген тинтүү иштерин жүргүзүп, ИИМдин ыкчам каттоосунда турары аныкталган.
Соттун чечими менен бул кылмыштуу топтун мүчөсү болгон үч адамга карата камакка алуу түрү тандалды.
Учурда тергөө иштери улантылууда.