Иран футболчулары чемпионатта гимн ырдоодон баш тартты

 Иран футболчулары чемпионатта гимн ырдоодон баш тартты

Ирандын футболчулары Катарда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда Англия менен беттештин алдында өз өлкөсүнүн гимнин ырдоодон баш тартышкан. Бул тууралуу РИА спорт жазып чыкты.

Ирандын гимни ойнолуп жаткан учурда трибунадагы фанаттар ышкырып, гимндин коюлушуна каршылыгын көрсөткөн.

Буга чейин Ирандын улуттук курама командасынын оюнчусу Алиреза Жаханбахш Ирандагы демонстрациялардын курмандыктары менен тилектештиктин белгиси катары оюнчулар гимнди ырдоодон баш тартуу боюнча жамааттык чечим кабыл алышы мүмкүн экенин кабарлаган.

Белгилей кетсек, Иран чемпионаттагы алгачкы оюнунда Англияга ири эсепте (6-2) жеңилип калды.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар