Иракта кагылышуулар маалында 20дан ашык киши каза болду

 Иракта кагылышуулар маалында 20дан ашык киши каза болду

Багдадда шийит имамы Муктад ас-Садрдын тарапташтары менен укук коргоо органдарынын ортосундагы кагылышууда 20дан ашык киши каза болду. Бул тууралуу Al Hadath жана Al Jazeera кабарлады.

Буга чейин Al Arabiya телеканалы менен Associated Press агенттиги кагылышууда 15 киши өлгөнүн билдиришкен.

“Бери дегенде эле 15 демонстрант өлтүрүлдү. Ок атуудан, көздөн жаш агызчу газдан жана кагылышуулардан улам ондогон киши жаракат алды”, – деп айтылат маалыматта.

БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш басма сөз катчысы Стефан Дюжарик аркылуу Ирактагы окуяларга байланыштуу тынчсыздануусун билдирди.

“Ал өзгөчө курмандыктар тууралуу билдирүүлөргө камтама болууда. Тараптарды тынчтыкка жана сабырдуулукка үндөп, абалды турукташтыруу жана зордук-зомбулукту болтурбоо үчүн токтоосуз чараларды көрүүгө чакырат”, – деп жазылган билдирүүдө.

Ирактагы нааразылыктар таасирдүү шийит имамы Муктад ас-Садр саясий ишмердүүлүгүн токтотуу чечимин кабыл алганын жарыялагандан кийин курчуп кетти. Ал бул чечимин өлкөдөгү саясий кырдаал туңгуюкка кептелгени менен түшүндүргөн.

Көп өтпөй Муктад ас-Садрдын тарапташтары Багдаддагы өкмөттүк имараттар жайгашкан Республика сарайына чабуул жасап, кирип барышкан. Алар премьер-министрлик кызматка “Координациялык түзүм” блогунан Мухаммед ас-Суданинин талапкер болуусуна каршылык билдирүүдө. Бул окуялардан кийин Ирактын бийлиги өлкөнүн бардык аймагында коменданттык саат жарыялады.

Жанылыктар