ОшТВ телерадиокомпаниясы

Ипотекалык насыя берүүнүн мөөнөтү 25 жылга узарды

 Ипотекалык насыя берүүнүн мөөнөтү 25 жылга узарды

Өлкө башчысы Садыр Жапаров Жогорку Кеңеш тарабынан ушул жылдын 3-ноябрында кабыл алынган “Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамга кол койду. Бул президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган мыйзамдын максаты жарандары үчүн турак жайдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу.

Мыйзам менен инвесторлордун каражаттарынын эсебинен бериле турган ипотекалык кредиттердин шарттары эл аралык макулдашуулар менен жөнгө салынары каралган. Бул өз кезегинде Кыргызстанда ипотекалык турак жай насыясынын шарттарын кыйла жеңилдетет.

Ошондой эле, мыйзам менен ипотекалык насыялоонун мөөнөтү 15 жылдан 25 жылга узартылат.

Бул өзгөртүүлөр жер-жерлерде жогорку квалификациялуу эмгек ресурстарын бекемдөө, эл аралык макулдашуулар менен жөнгө салына турган инвесторлордун катышуусу менен иштелип чыккан турак жай программаларынын алкагында турак жайга ээ болуу үчүн шарттарды түзөт.

Жанылыктар