Интернет аркылуу ири өлчөмдөгү баңгизаттарды саткан адам кармалды

Интернет аркылуу ири өлчөмдөгү баңгизаттарды саткан интернет дүкөндүн уюштуруучусу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Пригородное айылынын аймагынан кара изолентага оролгон баңгизат алынган. Ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда интернет дүкөндүн уюштуруучусу Б.И. аттуу жаран аныкталып, кармалган. Анын жашаган дареги боюнча кечиктирилгис тинтүү жүргүзүү учурунда айдалган кара куурайдын уругу, интернет дүкөндү башкаруу үчүн пайдаланылган уюлдук телефон, ошондой эле акча каражаттарын чыгаруу үчүн банктык карталар табылган.
Ошондой эле Telegram каналынан баңгизат каражаттар жана психотроптук заттар сатылуучу атайын канал табылып, баңгизаттардын жашыруун жайларын жайгашуу орундары менен сүрөттөр табылган. Ал жактарга кароо жүргүзүү учурунда баңгизат каражаттары менен даярдалган 10 жашыруун жер табылган.
Кармалган Б.И. аттуу жаранга Бишкек шаарынын тергөө изоляторуна 2 айга камакка алуу бөгөт чарасы колдонулган.