Интернет аркылуу баңгизат сатып жүргөн жарандар кармалды

 Интернет аркылуу баңгизат сатып жүргөн жарандар кармалды

Америкадан келген баңгизатты интернет аркылуу сатып жүргөн жарандар кармалды. Бул туурасында ички иштер министрлигинен билдиришти.

Белгилүү болгондой, кылмышка шектүү И.А. менен А.А. 2022-жылдын ортосунан баштап Telegram мессенджери аркылуу бангизаттарды саткан интернет-дүкөндүн уюштуруучулары экендиги аныкталган. Бул интернет-дүкөндүн 377 активдүү катталуучусу бар болгон.

“Сатып алуучулар тарабынан төлөм акылары ар кандай электрондук капчыктар аркылуу криптовалюта түрүндө жүргүзүлүп келген. Бул баңгизаттардын партиясынын орто эсеп менен баасы  1 килограмм үчүн 30 000 АКШ доллары турат. Баңгизаттарды Кыргызстанга ташып келүү эл аралык почта компаниялары аркылуу жүргүзүлгөн”,-деп айтылат маалыматта.

Тинтүү учурунда колдонууга даяр болгон баңгизаттардын бир бөлүгү, ошондой эле аларды сактоону, жашырууну андан ары ишке ашыруу үчүн идиштер табылган. Алынган баңгизаттардын жалпы салмагы 2 килограмм 099 граммды түздү.

Кармалган жарандар Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына 2 айга камалды. Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча мындан аркы ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар