Индонезияда жер титиреп, кеминде төрт адам каза тапты

Индонезиянын Жаяпура шаарына жакын жерде болгон жер титирөөдөн кеминде 4 адам каза болду. Бул туурасында Индонезиянын табигый кырсыктарды башкаруу боюнча улуттук агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, жер титирөөнүн кесепетинен ооруканалар жана мечиттер талкаланган. Бүгүнкү күнгө карата эвакуациялангандардын саны 2136 адамга жетти.
Белгилесек, аталган өлкөдө зилзала кечээ, 9-февралда катталган. Жер титирөөнүн күчү 5,4 баллга жеткен.