Иманкулов: Кыргызстан куралдуу кол салууну далилдөөчү материалдарды эл аралык деңгээлге алып чыгат

 Иманкулов: Кыргызстан куралдуу кол салууну далилдөөчү материалдарды эл аралык деңгээлге алып чыгат

Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов кыргыз бийлиги “Тажикстандын кол салуусун далилдөөчү материалдарды эл аралык деңгээлге алып чыгууга даяр экенин” 19-сентябрда “Биринчи радионун” эфиринде билдирди.

Иманкулов Баткендеги окуяны “тажик тараптын агрессиясы жана кылмышы” деп атап, жеринде тийиштүү органдардын өкүлдөрүнөн турган ыкчам тергөө тобу иштеп жатканын, бардыгы видео жана фото фиксация болгонун кошумчалады.

“Тышкы иштер министрлиги чет өлкөлөрдүн элчиликтерине жана эл аралык уюмдарга объективдүү маалымат берип жатат. Биз эл аралык коомчулукка алып чыгабыз болгон маселени. Эл аралык териштирүү болсо ага да даярбыз. Анткени биздин аларга кол салуу оюбуз жок болчу, бизге бирөөнүн жеринин бир метр да кереги жок. Маселени күч менен чечели деген ниетибиз жок. Өкмөт аралык комиссия иштесин. Эртең керек болсо эл аралык деңгээлге алып чыгабыз. Иш жүрүп жатат. Мамлекеттик комиссия иштөөдө”,-деди Иманкулов.

Баткендеги соңку чек ара жаңжалдын кесепетинен алдын-ала эсеп боюнча 282 объект талкаланды. Учурда комиссия жаңжалда келтирилген чыгымды эсептеп жатат.

Жанылыктар