Илон Маск Twitterди банкрот болуу ыктымалдыгын ачыктады

 Илон Маск Twitterди банкрот болуу ыктымалдыгын ачыктады

Америкалык ишкер Илон Маск жакында өзү жетектеген Twitter социалдык тармагынын банкрот болуу ыктымалдыгын ачыктады. Бул тууралуу The Information басылмасы билдирди.

Басылманын маалыматына караганда, Маск кызматкерлерге компаниянын банкрот болушу мүмкүндүгү тууралуу маалымат берген. Ал келерки жылы короткондон ашык акча таба албаса, соцтармак кыйрап каларын четке каккан жок.

31-октябрда Маск Twitterдин директорлор кеңешин таратып, өзү жалгыз директор болуп калган. Бирок, ишкер кийинчерээк директорлор кеңешин таркатуу чечими убактылуу экенин билдирген.

Маск Twitter социалдык түйүнүн 28-октябрда 44 миллиард долларга сатып алган.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар