ИИМ: жазасын өтөп бүткөн 19 чет өлкөлүк жаран Кыргызстандан чыгарылды

Ички иштер министрлиги жазасын өтөп бүткөн 19 чет өлкөлүк жаран Кыргызстандын аймагынан чыгарылганын билдирди. Алардын арасында Тажикстандын – 13, Өзбекстандын – 2 жана Казакстандын – 4 жараны бар.
ИИМдин маалыматына караганда өлкөдөн чыгарылган жарандардын көпчүлүгү Тажикстандын жарандары. Алар былтыр Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз ишкердик жүргүзгөндүктөрү аныкталып, текшерүү учурунда чек арасынан мыйзамсыз өткөндүгү аныкталган. Бул факты боюнча кармалган жарандар Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту тарабынан эркининен ажыратылып, жазасын өтөгөндөн кийин Кыргызстандан чыгаруу боюнча өкүмү чыккан.
Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстандын түрмөлөрүндө 300дөй чет өлкөлүк бар.