ИИМ: Тажикстандын кол салуусу боюнча кылмыш иши козголду

 ИИМ: Тажикстандын кол салуусу боюнча кылмыш иши козголду

Тажик тараптын Баткен облусуна куралдуу кол салуусу боюнча Кыргызстандын Башкы прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 402-беренеси (тынчтыкка каршы кылмыштар) менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов билдирди.

Анын айтымында, Баткен облусунун аймагында ведомстволор аралык тергөө тобу түзүлүп, тергөө иштери башталды. Курам ИИМдин, Башкы прокуратуранын, аскер прокуратурасынын, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн, өзгөчө кырдаалдар жана коргоо министрликтеринин өкүлдөрүнөн түзүлгөн.

“Түзүлгөн топ жабыркаган айылдарда кароо иштерин жүргүзө баштады. Бүгүнкү күнгө карата тергөө топтору тарабынан ок атышуу учурунда жабыркаган турак үйлөрдү жана соода-сатык түйүндөрүнө, он беш обьектиге кароо иштери жүргүзүлүп, келтирилген чыгымдарды аныктоо иш-чаралары башталды”,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, тажик тараптын кол салуусунан Баткенде алдын ала эсептөөлөр боюнча 282 турак жай талкаланып, өрттөнгөнү аныкталды. Ошондой эле, сегиз мектеп жана бир бала бакча жараксыз абалга кептелген.

Жанылыктар