ИИМ: түрмөгө баңгизат ыргыткан жаран кармалды

Жалал-Абад облусу боюнча жазаларды аткаруу кызматынын №10 мекемесинин аймагына баңгизатты мыйзамсыз сатып өткөрүүгө шектелген жаран кармалды. Милиция баңгизаттар түзөтүү мекемесиндеги жазаларын өтөп жаткандарга арналганын билдирди.
Маалыматка ылайык, 10-январда Жалал-Абад шаарында болжол менен 05:30 чамасында №10 түзөтүү мекемесинин короосуна белгисиз адам тарабынан скотч менен оролгон өзгөчө кескин жыты бар 17 таңгактагы баңгизатты ыргытышкан. Эки күндөн кийин кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүмү (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.
14-январь күнү Бишкек шаарында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектүү катары Ош облусунун тургуну 1975-жылы туулган М.Б. кармалды.
Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, түзөтүү мекемесине ыргытылган баңгизат “Марихуана” экендиги аныкталды. Анын жалпы салмагы 9 кг.430 граммды түздү.
Кармалган жаран Ош шаарындагы тергөө абагына киргизилди. Иликтөө иштери жүрүп жатат.