ИИМ: Россияда жоголгон автоунаалар Кыргызстандан табылды

 ИИМ: Россияда жоголгон автоунаалар Кыргызстандан табылды

Бишкек ШИИББдин  Кылмыш иликтөө башкармалыгына ыкчам маалымат келип түшкөн. Анда Кыргыз Республикасынын, Беларусь Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын жарандарынын уюшкан тобу Россия Федерациясынын аймагынан кымбат баалуу уурдалган унааларды сатуу максатында айдап кетип жатканы маалымдалган. 

Аталган факты боюнча, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 380-беренеси (транспорт каражатынын идентификациялык номеринин жасалмасын жасоо, жок кылуу) менен Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Тергөө жана ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунун аймагынан 2020-жылы өндүрүштөн чыгарылган «Тойота RAV4» үлгүсүндөгү кыргыз номурлуу унаа табылып алынган.

Ошондой эле, алынган ыкчам маалыматтардын негизинде, Бишкек шаарындагы үйлөрдүн биринде ыкчам тинтүү жүргүзүлүп, ал жактан 2021-жылы өндүрүштөн чыгарылган «Хундай Санта-Фе» үлгүсүндөгү Россиянын номуру менен эки унаа табылып алынган.

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик эксперттик кызматтын корутундусуна ылайык, табылып алынган  унаалардын кузовунун номурлары колго жасалган ыкма менен өзгөртүлүп, идентификациялык номурдун позициялык белгилери үзгүлтүккө учураган, ошондой эле даярдоочу завод тарабынан алгачкы жазылган кузов номурлары аныкталган.

Иликтөөнүн жыйынтыгында белгиленген кузов номурлары Россия Федерациясынан уурдалып, издөөдө жүргөн унаалар экени белгилүү болгон.

Учурда Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте ушул сыяктуу фактыларды аныктоо үчүн зарыл болгон ыкчам-издөө жана комплекстүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Жанылыктар