ИИМ: Лейлекте жашоочунун үйүнөн 5 килограмм гашиш баңгизаты табылды

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун жашоочусунун үйүнөн Ооганстанда өндүрүлгөн 5 килограмм гашиш баңгизаты табылып алынганын кабарлады.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери Баткен-Исфана жолунан К.Э. аттуу жарандын башкаруусундагы «ДЭУ-Нексия» үлгүсүндөгү унаа токтотуп, тинтүү жүргүзүшкөн. Анда Ооганстанда өндүрүлгөн жалпы салмагы 2 кг түзгөн, эки таңгак гашиш (чарс) баңгизаты табылып алынган.
Мындан сырткары Лейлек районунун Арка-2 айылындагы К.Э. аттуу жаран жашаган үйгө да тинтүү жүргүзүлүп, короосундагы кум үймөгүндө көмүлүп катылган 3 таңгак гашиш (чарс) баңгизаты табылып алынган. Табылган гашиш баңгизатынын жалпы салмагы 5 килограммды түздү. Кармалган жаран К.Э. Ош шаарындагы №5 тергөө абагына киргизилген.
Учурда баңги кылмышына тиешелүү жактарды аныктоо боюнча атайын тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.