ИИМ Көк-Таш айылындагы окуя боюнча кылмыш ишин козгоду

 ИИМ Көк-Таш айылындагы окуя боюнча кылмыш ишин козгоду

Кыргызстандын ички иштер министрлиги кечээ, 27-январдагы Баткен районунун Көк-Таш айылындагы чек арадагы чыр боюнча кылмыш ишин козгоду. Ал эми денесинен жараат алгандарга соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

ИИМдин маалыматына караганда, кечээ саат 18:00 чамасында Баткен районунун Көк-Таш айылы менен Тажикстандын Согди облусунун Исфара районунун Самониен айылы чектешкен, такталбаган чек ара тилкесинде Тажикстандын жергиликтүү тургундары курулуш иштерин жүргүзүп жатышканда, Кыргызстандын чек ара кызматкерлери токтотуу талабы койгон.  Ага каршы болгон Тажикстандын жарандары Ош-Исфана унаа жолу менен Исфара-Ворух жолдорунун кесилишине таштарды коюп, жолду тосуп алышкан. Эки өлкөнүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү жолугуп сүйлөшүү өткөрүлүп, курулуш иштерин токтотуу, унаа жолун ачуу боюнча макулдашууга жетишкен.

Бирок саат 19:30 чамасында эл аралык келишимдерди бузуу менен улуттук кастыкты көздөп, куралдуу агрессияны пландап, агрессивдүү согушту көрсөтүү максатында жөнөкөй жарандар жашап жаткан Баткен районунун Көк-Таш айылынын Чыр-Дөбө, Кум-Мазар, Дахма участкаларына, Орто-Боз айылынын Төрт-Көчө участкасына жана Көк-Таш айылындагы  ИИМдин Ички Аскерлеринин 707 аскер бөлүгүнүн имаратына Тажикстандын   Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери оор ок атуучу куралдарды колдонуу менен кол салышкан.

Натыйжада,  жергиликтүү тургундарынын турак жайлары, 707 аскер бөлүгүнүн имараты жабыркап, аскер кызматкерлерине жана 1 жаранга ок тийип, денелеринен алган жараатынан улам Баткен биргелешкен ооруканасына жеткирилген.

Жанылыктар