ИИМ: Баңгизатты мыйзамсыз жүгүрткөн чет өлкөлүк топ кармалды

Баңгизатты мыйзамсыз жүгүрткөн чет өлкөлүк топ кармалды. Бул туурасында ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, ушул жылдын 7-февралында милицияга Кант шаарында жашаган Пакистан Ислам Республикасынын жараны 1998-жылы туулган С.З. кайрылып, 2023-жылдын 1-2-февраль күндөрү үйүнүн эшигин бузуп кирип, 10 000 АКШ долларын, 2 даана MacBook жана “iPhone 14 Pro” үлгүсүндөгү жаңы уюлдук телефонун уурдап кеткен адамдарга карата чара көрүүнү суранган.
Натыйжада кылмышка шектүү катары Пакистан Ислам Республикасынын жарандары 2002-жылы туулган М.Х., 1999-жылы туулган М.Г., 1999-жылы туулган А.М. аныкталып, алар сурак учурунда Пакистан Ислам Республикасынын жараны С.З. үйүнөн баңгизатын уурдагандыгын, башка эч нерсе албагандарын билдиришкен.
Бул жагдай боюнча кылмыш иши козголуп, 2002-жылы туулган М.Х., 1999-жылы туулган М.Г., 1999-жылы туулган А.М. үйлөрүндө тинтүү иштери жүргүзүлүп, алардан 1504 грамм “Гашиш-афган чарсы” баңгизаты табылды.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө, арыз ээси С.З. Пакистан Ислам Республикасынан алып келинген баңгизатты Кыргызстанда жашаган мекендештерине узак убакыттан бери сатуу менен алектенгени аныкталган.
Шектүүлөргө 10-февралда айыбы угузулуп, 2 айлык мөөнөткө камакта калышты.