ИИМ баңгизат менен кармалган кызматкерлери боюнча түшүндүрмө берди

 ИИМ баңгизат менен кармалган кызматкерлери боюнча түшүндүрмө берди

Ички иштер министрлиги катарынан кызматтык кызыкчылыктарды саткандарды жана мыйзамсыз иш-аракеттерди жасагандарга каршы аёсуз күрөш жүргүзүлүп жатканын, мыйзам бузуучулар мыйзамдын чегинде жоопкерчиликке тартыла турганын билдирди. 

Ошондой эле баңгизат менен кармалган кызматкерлери боюнча түшүндүрмө берип, төмөнкүлөрдү билдирди.

«3-апрель күнү  ИИМдин БМЖКККнын  өзгөчө маанилүү иштер боюнча ага ыкчам ыйгарымдуу өкүлү А.А. кайрылып, ал өзүнүн билдирмесинде, Ош жана Баткен облусунун жарандары “Б” жана “У” аттуу атуулдар ири өлчөмдө  баңги каражаттарын аткезчилик жолу менен Тажикстан Республикасынан Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун аймагы аркылуу мыйзамсыз алып өтүп, Кадамжай районунун аймагына сатуу үчүн сатып алуучу адам издеп жүргөндүгү жөнүндө ыкчам маалымат келип түшкөндүгүн билдирген»,- деп билдирди ИИМден.

Аталган факты боюнча, чогултулган материал 2022-жылдын 3-апрелинде Баткен ОИИБнин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын КЖКнин 282-беренесинин  2-бөлүмүн 3-пункту  менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө, 2022-жылдын 4-апрель күнү саат болжол менен 03:20 чамасында жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында, Ош шаарынын тургуну 1988-жылы туулган А.А. “Лексус-330” үлгүсүндөгү автоунааны башкарып бара жаткан жеринен токтотулган. Автоунаада милиция кызматкерлери К.Б.,   А.А.,  жана И.Д. болушкандыгы аныкталган.

«Ыкчам-тергөө аракеттеринин жыйынтыгында, автоунаага кечиктирилгис жагдайда тинтүү жүргүзүлүп, тинтүүнүн жыйынтыгы менен автоунаанын багажынын дөңгөлөк коюучу жайында жалпы 30 даана сары полиэтилен баштыкка оролуп скотчтолгон заттар табылган.. Табылып алынган заттын жалпы салмагы 46о гр. болуп чыкты»,- деп билдирди ИИМден.

Алынган буюм далилдерге соттук-химиялык экспертизасы дайындалып, күбөлөр суралган. Азыркы учурда кылмыш иш боюнча тиешелүү ыкчам тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Жанылыктар