ИИМ автоунаа эвакуациялаган ишкана менен келишимин токтотту

 ИИМ автоунаа эвакуациялаган ишкана менен келишимин токтотту

Ички иштер министрлиги Бишкекте уруксат берилбеген жерге токтотулган автоунааларды мажбурлап эвакуациялап келген “Портал групп” ишканасы менен келишимин узартпайт. Бул тууралуу министрликтин сайтында жазылды.

ИИМ эреже бузуп, туура эмес жерге токтотулган автоунааларды өз күчү менен эвакуацияламакчы. Мажбурлап ташуу ишин Министрликке караштуу Техникалык дайындоо борбору жүргүзөт.
“Аталган борбордо автоунааларды эвакуациялоо боюнча техникалык мүмкүнчүлүктөр жетиштүү”, – деп жазылган маалыматта. Министрлик мындан тышкары эвакуациянын акысы мурункудан төмөн болорун жана кирешенин 50% мамлекеттик бюджетке түшөрүн белгилөөдө.

ИИМ Бишкекте туура эмес жерге токтотулган автоунааларды мажбурлап ташып кетүү боюнча 2017-жылы декабрда “Портал групп” ишканасы менен келишим түзгөн, 2022-жылдын аягында келишимдин мөөнөтү бүтөт. Аталган ишкана тендерден утуп алганы кабарланып, бир автоунааны эвакуациялоонун чыгымы 1350 сом деп белгиленген. Бул сумманы эреже бузган транспорт ээси төлөйт.

(булак azattyk.org)

Жанылыктар