ИИМ: Айдоочулук күбөлүк алууну каалагандардын 80 пайызга жакыны экзаменден өтпөйт

 ИИМ: Айдоочулук күбөлүк алууну каалагандардын 80 пайызга жакыны экзаменден өтпөйт

Айдоочулук күбөлүк алууну каалагандардын 80 пайызга жакыны экзаменден өтпөйт. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Адыл Бийбосунов билдирди.

Маалыматка караганда, ушул жылдын тогуз айында айдоочулук күбөлүк алуу үчүн автомектептерди аяктаган жарандардын 21 пайызы гана күбөлүктөргө ээ болуп, калган 79 пайызы  жол эрежесин так билбегендиги үчүн экзамендерден өтпөй калган.

Министрдин орун басары мындай абал унаа мекемесинде видео-камераларды орнотуп, айдоочулук күбөлүк алуу тартибин катаалдаштыргандын эсебинен ачыкталганын белгиледи.

Белгилесек, өлкөдө бир жыл ичинде 80 миңден ашык жаран айдоочулук күбөлүгүн алат.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар