Ички иштер министрлигине жаңы кызматтык унаалар тапшырылды

“Альянс Алтын” ААК компаниясы Ички иштер министрлигине “Chevrolet Nexia” үлгүсүндөгү 19 жаңы кызматтык унаа тапшырды.
“Унааларды өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн мамлекеттик органдарга жардам берүүнүн алкагында тапшырдык”,-деп айтышты аталган компаниядан.
Жаңы кызматтык автоунаалар Чүй, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын ички иштер бөлүмдөрүнө берилет.
Ички иштер министри Улан Ниязбеков жыл башынан бери 90дон ашык авто-техникалык каражаттар алынып, жер-жердеги ички иштер органдарына берилгенин маалымдады.