Глобалдык жылуулуктун себептери менен кесепеттери

 Глобалдык жылуулуктун себептери менен кесепеттери

Июль айында өлкөдө абанын температурасы кескин жогорулап, +42 градуска чейин жетти. Күндүн ченемден ашык ысышы адамдардын ден соолугуна, табиятка залакасын тийгизет. Биз бул материалда аптаптуу жылуулуктун себептери менен терс таасирлерин баяндап беребиз.

Күндүн ысышы менен айрыкча жүрөк-кан тамыр, кант диабети оорулары күчөдү. Учурда Ош облустук ооруканасынын кардиология бөлүмүндө 60тан ашуун бейтап дарыланууда. Бул көрсөткүч өткөн айларга салыштырмалуу эки эсеге көп.

60 жаштагы Султанбек Орунбаев жүрөк оорусу менен жабыркайт. Аба ырайынын кескин жогорулашынан улам кан басымы көтөрүлүп кеткен. Үй шартында айыга албагандыктан ооруканага жаткан.

«Ысыкта көчөгө чыгып жүрүп, ден соолугум начарлады.  Башым айланып, өзүмдү жаман сезип жүрдүм. Анан дарыгерге кайрылып, 5 күн үйдөн укол алдым. Бирок, абалым жакшырган жок. Ошондон кийин багыттама менен облустук ооруканага жиберишти. Азыр эми акырындан сакайып баратам. Үйгө чыкканда салкында жүрүп, ден соолугума кам көрөм».

Глобалдык жылуулук мөңгүлөрдүн тез эрип, жок болушуна дагы таасирин тийгизүүдө. Ушул айдын башында Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда мөңгү көчкүсү катталды. Көчкөн мөңгүнүн көлөмү 2 миллион 11 миң 500 куб метрге жеткен. Көчкүнү тасмага тарткан туристтердин бири бутунан жеӊил жаракат алып, медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен бул райондо мөңгү көчүшү алгачкы жолу катталганын билдиришти.

Күндүн ысыктыгы өлкө аймагында 42ден 45 градуска чейин жетип жатат. Кыргызстанда эң жогорку температура 1983-жылы катталып, 43 градус болгон. Ал эми 2011-2019-жылдары абанын температурасы 42 градуска жогорулаган.

Аба ырайынын кескин ысышынын себептери жана анын зыяны

Дарыгерлер күн кескин ысыган учурда ден соолукка кылдат кам көрүү керектигин эскертишүүдө. Кардиолог Сабыр Байматов айрыкча улгайган кишилер жана жаш балдар организмге ысык өткөрүп алуудан абайлашы зарылдыгын айтты. Күндүзгү саат 11:00-16:00 аралыгында күн өйдөгө көтөрүлүп, эң ысык мезгил болуп саналгандыктан ачык жерлерде көп жүрбөө керек. Синтетикалык кийимдерден ордуна кебезден тигилгендерди кийүү сунушталат. Ал эми жүрөк, кан тамыр оорулары менен жабыркагандар дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүп турушу керек.

Ошондой эле абанын температурасы кескин түрдө айырмаланганы да зыян. Тагыраагы, бөлмөнү желдеткичтер аркылуу ченемден ашык салкындатып жиберген дагы болбойт. Эгерде сыртта аба ырайы 40 градус жылуу болсо, үйдүн ичи 25-26 градус болгону жакшы.

«Анан бир сутканын ичинде кабыл алган суюктуктун көлөмү жетиштүү деңгээлде болушу керек. Мисалы эң жакшысы бул жөнөкөй суу. Газдалган суусундуктар ден соолукка зыян. Ал эми күнүмдүк тамак-аштар витаминге бай болушу маанилүү. Майлуу жана оор тамак-аштарды колдонбоого аракет кылыш керек».

Эколог Анара Султангазиева жаратылышка карата техногендик таасирлерден улам климат бара-бара начарлап жатканын билдирди. Климат бул – абанын көп жылдык түзүлүшү болуп саналат. Ошондуктан кен байлыктарды казуу, техникалардын көбөйүүсү температуранын жогорулашына алып келүүдө. Мындан тышкары, жашыл аянттардын азайып, жайыттардын деградацияга дуушар болушу дагы маанилүү факторлордун бири.

«Акыркы 2 кылымда климат 1,5 градуска жылыды. Эми дагы ысып кетишине жол бербешибиз керек. Ал үчүн зыяндуу энергия булактарын колдонууну азайтуубуз зарыл. Жайлоолорду эс алдырып колдонуу, токойлордун аянтын кеңейтүү маанилүү. Токой абанын температурасын төмөндөтүп, атмосфералык нымдуулукту көбөйтөт. Ошондой эле, суу ресурсун үнөмдүү пайдалануу, сейрек кездүүчү өсүмдүктөрдү казууну токтотуу зарыл. Себеби окумуштуулар келерки 100 жылда климат дагы 4,5 градуска ысый турганын божомолдоп жатышат. Андай болсо суу тартыштыгы жаралып, экология бузулат. Мындан тышкары, мөңгүлөр тездик менен эрип жок болот»,- деди эколог.

Бак-дарактарды көбөйтүү аркылуу микроклиматты жакшыртуу аракети

Айыл чарба министрлиги «Мөңгүлөрдү сактайбыз» кыймылын баштады. Мында бак-дарактарды отургузуу аркылуу микроклиматты жакшыртуу максатталган. Кыймылдын алкагында жайыт жер катары каттоодо турган такыр жерлер багбандарга ижарага берилет. Багбандар ал суу жетпеген жерлерге бак-дарак тигип, жашыл аянтка айлантышы керек.

Айыл чарба министринин кеңешчиси Улан Адамалиевдин айтымында, министрлик өлкө боюнча 600 миң гектар кайрак жер пайдаланылбай жатканын тактады. Эми долбоор Жогорку Кеңештен колдоо тапса иш жүзүнө аша баштайт.

«Акыркы 50 жылда мөңгүлөрдүн 30 пайыздан ашууну жок болгон. Окумуштуулар алдыңкы жарым кылымда мөңгүлөр таптакыр жок болуп кетиши мүмкүндүгүн эскертип жатышат. Ошондуктан бактарды көп отургузуу аркылуу микроклиматты жакшыртып, мөңгүлөрдү сактоого салым кошолу деп жатабыз. Башкача айтканда, багбандарга кайрак жерлер аукциондун негизинде ижарага берилет. Алгачкы 3 жылда байкоо жүргүзүлөт. Эгерде багбан 3 жылдын ичинде бак тигип, жашылдандырууга салым кошо баштаса, келишим дагы узартылат. Бул кыймылдын арты менен багбандар киреше таап, мамлекеттин бюджети көбөйөт.  Негизгиси бак-дарактын санын көбөйтүп, климатты жакшыртууга салым кошуу маанилүү»,-деди Улан Адамалиев.

Быйыл пилоттук негизде Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарындагы суу жетпеген такыр жерге көчөттөр отургузулду.

«Суу жок жерлер 1 200 метр бийиктикте жайгашкан. Ошондуктан буга чейин пайдаланылбай эле турган болчу. Анан пилоттук долбоордун алкагында 50 гектар жерге 6 чакырым алыстыктан суу тартып келдик. Башында тиккен көчөттөр куурап калса керек деп шек санаганбыз. Бирок, жакшы жыйынтык болду. Көчөттөрдүн бардыгы көктөп, мындай жер аянттарын жашылдандырууга болот деген тыянакка келдик»,-деди Балыкчы токой чарбасынын жетекчиси Шайырбек Алиев.

Ошто суу тамчылары аркылуу сергитүүчү турниктер орнотулат

Ошто ысыктан сактануу үчүн шаардын активдүү жаштары «Сергек жаша!» акциясын баштады. Акция аркылуу калаанын адам көп баскан жерлерине, тротуарларга суу тамчылары менен сергитүүчү турниктер орнотулат. Демилгечилердин бири Өмүрбек Акбаралиевдин айтымында, турниктердин алгачкысы жасала баштады.

«Күндүн аптаптуу ысыгында көчөдө жүрүү ыңгайсыз болууда. Ошондуктан шаар тургундарына ыңгайлуу шарт түзүүнүн аракетиндебиз. Ошол эле учурда бул демилге кайдыгер карабаган, активдүү жарандардын жардамы менен ишке ашарын айта кетейин. Башкача айтканда, каражатты жалпыбыз жыйнап турниктерди четинен орното баштайбыз. Бир сергитүүчү турникке сметалык баасы менен айтканда 15 000 сом керектелет»,-деди Акбаралиев. 

Дүйнө ысык менен кантип күрөшүп жатат ?

Кытайда ысыктан жасалма жамгырдын жардамы менен сактанып жатышат. Хэнань провинциясында “жасалма жамгыр режимин” ишке киргизишти. Тагыраагы, көп кабаттуу үйлөрдүн чатырларынан суу чачылып турат. Бул ыкма абанын температурасын бир аз төмөндөтүүгө жардам берет.

Ал эми Америка менен Индия мамлекеттеринде температураны төмөндөтүү үчүн курулушта ачык түстөр активдүү колдонулат. Индиянын Ахмедабад шаарында 2017-жылы 3 миң имараттын чатыры ак акиташтын аралашмасы менен сырдалган. Бүгүнкү күндө дагы кондиционерди сатып ала албаган жакыр конуштарды салкындатууга ушул ыкма колдонулуп келет. Ошондой эле, Нью-Йорк шаарында үйлөрдүн дээрлик миллион чарчы метр чатыры ак боек менен сырдалды. Ал эми Лос-Анжелесте бир нече көчөлөргө ачык боз герметик тартылып, тротуардын температурасы 10 градуска төмөндөгөн.

Сингапурда температураны төмөн кармоо үчүн айлана-чөйрөнү жашылдандырууга басым жасалат. Бүгүнкү күндө Сингапурдагы асман тиреген имараттарда 100 гектар гүл жана бадалдар өсөт. 2030-жылга чейин аларды 200 гектарга жеткирүү пландаган.

“Бул материал АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) жана FHI360 уюму өнөктөштүктө, Кыргызстандагы Интерньюстун өкүлчүлүгүнүн Медиа-К аталган долбоорунун колдоосу менен ишке ашырылды. Материалда айтылган пикирлер Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн көз карашына дал келбеши да мүмкүн.

Материалдын автору Нуржамал Баргыбаева

Жанылыктар