ОшТВ телерадиокомпаниясы

Германияда Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилиндеги бомба жарылды

 Германияда Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилиндеги бомба жарылды

Германиянын Мюнхен шаарындагы темир жол вокзалынын жанында Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилиндеги бомба жарылды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Маалыматка ылайык, жарылуу Борбордук темир жол вокзалына жакын жайгашкан Donnersbergerbrücke станциясынын жанында курулуш иштери жүрүп жаткан маалда болгон. Жарылуунун натыйжасында төрт адам жабыркап, поезддердин кыймылы убактылуу токтотулду.  Мюнхен өрт өчүрүү кызматы адамдардын бири оор жаракат алды.

Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин Германиядан жылына 2 миң тоннадан ашык аскердик бомба жана ок-дарылар табылат. Бомба жана ок-дарылардын кээ бири 6 метр тереңдикте көмүлгөн.

Жанылыктар