Германия дүйнө чемпионатына катыша турган курамын жарыялады

 Германия дүйнө чемпионатына катыша турган курамын жарыялады

Германия Катарда өтө турган 22-дүйнө чемпиондугуна бара турган курамын жарыялады. Алар кимдер?

Дарбазачылар:

Мануэль Нойер («Бавария»), Марк-Андре тер Стеген («Барселона»), Кевин Трапп («Айнтрахт»).

Коргоочулар:

Армель Белла-Кочап («Саутгемптон»), Маттиас Гинтер («Фрайбург»), Кристиан Гюнтер («Фрайбург»), Тило Керер («Вест Хэм»), Лукас Клостерманн («РБ Лейпциг»), Давид Раум («РБ Лейпциг»), Антонио Рюдигер («Реал Мадрид»), Нико Шлоттербек («Боруссия» Дортмунд), Никлас Зюле («Боруссия» Дортмунд).

Жарым коргоочулар:

Юлиан Брандт («Боруссия» Дортмунд), Леон Горетцка («Бавария») , Йозуа Киммих («Бавария»), Томас Мюллер («Бавария»), Джамаль Мусиала («Бавария»), Лерой Зане («Бавария»), Марио Гетце («Айнтрахт»), Илкай Гюндоган («Манчестер Сити»), Кай Хавертц («Челси»), Йонас Хофманн («Боруссия» Менхенгладбах).

Чабуулчулар:

Никлас Фюллькруг («Вердер»), Серж Гнабри («Бавария»), Карим Адейеми («Боруссия» Дортмунд), Юссуфа Мукоко («Боруссия» Дортмунд).

Германия курама командасы дүйнө чемпионатынын финалдык бөлүгүнө 20-ирет катышууда. 2022-жылкы Дүйнө чемпиондугуна тандоо турунда Бундестим өз тайпасындагы он беттештин тогузун жалпы 36 – 4 гол айырмасы менен жеңип, төрт жылда бир өтүүчү эң негизги турнирге катышууга жолдомо алган.

2014-жылы дүйнөлүк чемпионатта Германия курамасында ойногон оюнчулардын ичинен төртөө бул жылы да турнирге катышат: коргоочу Маттиас Гинтер, финалдагы жалгыз голдун автору Марио Гётце жана рекордсмен, азыркы футболчулар арасында дүйнө чемпионатында эң көп гол жараткан Томас Мюллер (10 гол) , ошондой эле мыкты дарбазачылардын бири Мануэль Нойер. Дал ушул эки оюнчу менен команда лидерлердин катарына кирет. Дүйнөлүк чемпионатта бул оюнчулардан сырткары жарым коргоочулар Леон Горецка жана Жошуа Киммих орто бөлүктү контролго алат.Ал эми  вингер Лерой Сане, ошондой эле чабуулчу топтун эки оюнчусу – Серж Гнабри жана 19 жаштагы Жамал Мусиала, бул сезон башынан бери чемпионатта 9 гол киргизип, бомбардирлердин катарында.

Бундестемдин эң негизги проблемасы коргонуу бөлүгү.  Германия курама командасынын жалгыз жылдыздуу коргоочусу Реал Мадриддин негизги курамында ойногон тажрыйбалуу Антонио Рюдигер. Ал эми дарбазачылар азыркы учурдун эң мыктылары. Барселонанын башкы дарбазачысы Марк Андре тер Штеген Нойерди алмаштырууга даяр.

Улуттук курамга чабуулчу Тимо Вернер, Эмре Жан, Матс Хуммелс чакырылган эмес. Ал эми Марко Ройс үчүнчү жолу жаракатынан улам дүйнө чемпионатына катышпайт.

Дүйнө чемпиону титулдарынын саны боюнча Германия курама командасы Бразилиядан кийин эле экинчи орунда турат. Бундестем 1954-жылы (Венгрияга каршы атактуу финалда “Берндеги керемет” )1974-жылы (Франц Беккенбауэр, Герд Мюллер жана Зепп Майердин катышуусунда), 1990-жылы (1:0 эсеби менен) Дүйнө чемпиондугун уткан. Андреас Бременин Аргентинага каршы пенальтиден голу, анда Аргентинан капитаны Диего Марадона болчу) жана 2014 кайрадан Аргентина кездешип, кошумча бөлүктө Марио Гётце жалгыз голду киргизген.

Кошумчалай кетсек, Германия мындан сырткары 4 жолу 2-орунду (1966, 1982, 1986, 2002) ээлеп, төрт жолу (1934, 1970, 2006, 2010) үчүнчү орун үчүн беттеште жеңиш менен турнирди жыйынтыктаган. Улуттук команданын эң начар көрсөткүчү 2018-жылы тайпадан чыга алган эмес.

Германия курамасы дүйнө чемпионатынын группалык баскычында Испания, Япония жана Коста-Рика менен кездешет. Алгачкы оюнун Япония  менен 23-Ноябрь күнү, саат 19:00дө өткөрөт.

Белгилей кетсек 22-дүйнө чемпионаты 20-Ноябрь күнү башталат.

 

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар