Гемодиализден улам Ошто эки медициналык мекеменин жетекчиси кызматынан кетти

 Гемодиализден улам Ошто эки медициналык мекеменин жетекчиси кызматынан кетти

Максымбек Омокеев

Ош шаардык прокуратурасынын сунушу менен милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Ош аймактык башкармалыгынын башчысы Максымбек Омокеев жана түштүк аймагы боюнча дары-дармектерди контролдоо депатаментинин башчысы Садвар Кутбаева кызматынан бошотулду. 

Ош шаардык прокуратурасынан билдиргендей, калаада иштеп жаткан алты гемодиализ алуучу борборлор текшерилип, алардагы бир дагы аппарат саламаттыкты сактоо министрилигинин алдында дары-дармектерди контролдоо департаменитинен каттоодон өтпөгөндүгү аныкталган.

Мындан сырткары аталаган аппараттар беш миң саат иштегенден кийин техникалык кароодон өтүүсү керек эле. Бирок гемодиализ алуучу борборлордо аппараттар андан да көп саат иштетилип, сапат жана коопсуздук боюнча дары дармектерди контролдоо департаменти тарабынан кортунду албастан колдонулуп келишкен.

“Гемодиализ алуучу борборлорунда иштетилүүчү аппараттар бөйрөктү тазалоочу сууларды бактерологиялык жана химиялык курамы боюнча Ош шаардык оорулардын алдын алуу жана санитардык эпидемологиялык көзөмөлдөө борбору менен келишим түзүлбөстөн, гемодиализ борборлору ачылгандан баштап бүгүнкү күнгө чйеин иштеп келишкен. Жыйынтыгында гемодиализ алуучулар жакшы болгондун ордуна күндөн-күнгө каза болгондордун саны кескин көбөйгөн”,- деп билдирди прокуратурадан.

Мындай мыйзам бузуу фактылары Ош шаарындагы алты гемодиализ борборлорунда тең аныкталган.

“Ош шаарында бөйрөк оорусу менен ооругандардын жалпы саны 6 489 түзөт. Аларга мамлекет тарабынан акча каражаты саламаттыкты сактоо министирлигинин милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан келишимдин негизинде жеке гемодиализ алуучу борборлоруна ар бир сеансына акча каражаты которулган, бирок Ош аймактык милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун башчысы М.Омокеев жана Түштүк аймагы боюнча дары-дармектерди көзөмөлдөө департаментинин башчысы С. Кутбаевалар тиешелүү денгеелде көзөмөл жүргүзбөй которуп келгендиктери аныкталып”- деп билдирди прокуратурадан.

Ош шаардык прокуратурасы Саламаттыкты сактоо министиринин наамына мыйзам бузууга жол берген жооптуу кызматкерлерге карата тартиптик чара көрүү боюнча сунуш келтирип, Ош аймактык милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун башчысы Омокеев менен Түштүк аймагы боюнча дары-дармектерди контролдоо депатаментинин башчысы Кутбаева ээлеген кызматынан бошотулган.

Ал эми жеке гемодализ алуучу борборлордун жетекчилерине карата укуктук баа берүү үчүн Ош шаарнын прокуратурасынын маалымат электрондук журналына 2022-жылдын 8-февралында катталып, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына жиберилген.

Жанылыктар