“Газпром Кыргызстан”: Ошто газга чектөө киргизилет

 “Газпром Кыргызстан”: Ошто газга чектөө киргизилет

“Газпром Кыргызстан” ишканасы түштүк региондорунда бир нече күндөн бери газ берүүнүн көлөмү азайганын, Өзбекстан газ экспорттоону расмий токтотуу планын билдиргенин кабарлады. 

Маалыматка караганда, Өзбекстан абанын температурасы кескин төмөндөп жана керектөө өсүп жатканына байланыштуу газ экспорттоону токтотуу планын билдирген.

“Өзбекстандан чыккан газды жеткирип турган “Газпром экспорт” ишканасы жана өзбек кесиптештер менен газды туруктуу негизде камсыздоо боюнча активдүү иштер жүрүүдө. Кырдаал күнү-түнү көзөмөлдөнүп жатат. Мындай көйгөй жылда күз-кыш мезгилинде керектөө өскөн сайын жаралып турат. Өзбекстандын өзүндө ресурстук базасы азайганына байланыштуу түштүк тарапка газдын экспорту төмөндөй турганы айтылды. Мындан сырткары, катуу суукта Өзбекстандын ички керектөөсүн камсыздоо кыйындап, жылытуу сезонунда чектөөлөр киргизилет. Коңшу өлкөнүн бийлиги жаратылыш газын экспорттоону токтотуу планын расмий түрдө билдиргенин да белгилей кетүү керек”, — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле мекеме, авариялык кырдаал жаралбаш үчүн көп күч келген маалда Ош шаарындагы жеке секторлорго газ берүүгө чектөө киргизиле турганын, газ менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча бардык керектүү иш-чараларды жүргүзүп жатканын белгиледи.

Жанылыктар