Гаагадагы эл аралык сот Лачин коридорун ачууну талап кылды

 Гаагадагы эл аралык сот Лачин коридорун ачууну талап кылды

Шаршемби күнү БУУнун Гаагадагы эл аралык соту Азербайжанды Лачин коридору боюнча кыймылды үзгүлтүксүз камсыздоого милдеттендирген чечим чыгарды.

Бул коридор Тоолуу Карабактын этникалык армяндар жашаган аймактарын Армения менен байланыштырган жалгыз жол. Аны декабрдын ортосунан бери өздөрүн “азербайжандык экоактивисттер” деп атаган адамдар жаап турат.

Гаагадагы сотко эки тарап тең бири-бирине каршы даттанган. Сот Азербайжандын Арменияга каршы доо арызын карган жок. Армения арызында Лачин коридорун ачууну камсыздоону суранган.

Ошол эле кезде эл аралык сот Армениянын аймакка жаратылыш газын берүүнү калыбына келтирүү өтүнүчүн четке какты. Буга армян тарап Азербайжандын газды жеткирүүгө тоскоолдук кылып жатканы тууралуу жетиштүү маалымат берген эмес деген жүйө келтирди.

Лачин коридоруна байланыштуу иш сотто 30-январда карала баштаганын армяндардын кызыкчылыгын коргогон юрист Егише Киракосянга таянып Reuters агенттиги жазган.

Буга чейин Европарламент Азербайжанды тез арада жолду ачууга чакырган резолюция кабыл алган. Азербайжандык депутаттар аны “бир тараптуу жана адилетсиз” деп атаган.

Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабакты талашып, алгач 1980-жылдары согушкан. Жикчил аймактагы 1988-1994-жылдардагы урушта 30 миңдей адам өлгөн, 100 миңден ашуун адам качкын болгон же жер которгон.

Лачин коридору – Тоолуу Карабакты Армения менен туташтырган жалгыз жол. 2020-жылдагы кагылышуудан кийин Армения менен Азербайжан кол койгон келишимге ылайык, Лачин району Бакунун көзөмөлүнө өткөн. Лачин коридорун Орусиянын тынчтык орнотуучу миссиясы көзөмөлдөйт.

Жанылыктар