Гүлзат Мамытбек үй камагына чыкты

Билдирүүгө ылайык, Гүлзат Мамытбек сот залынан бошотулган.
“24-майда соттук отурум жыйынтыкталды. Анда блогер “алдамчылык” беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 5 жылга эркинен ажыратылган. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 82-беренесинин негизинде ага 3 жылдык пробациялык көзөмөл колдонуу менен жазаны өтөөдөн бошотулду”, – деп жазылат соттун чечиминде.
Эскерте кетсек, Гүлзат Мамытбек 2021-жылдын 25-октябрында алдамчылык фактысына шектелип кармалган. 27-октябрда Биринчи Май райондук сотунда анын баш коргоо чарасы каралып, 1 айга камакка алуу чечими тандалган.