Гүлнара Баатырова саламаттык сактоо министри болуп дайындалды

 Гүлнара Баатырова саламаттык сактоо министри болуп дайындалды

Гүлнара Баатырова саламаттык сактоо министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Гүлнара Баатырова 23-августтан тарта саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп иштей баштаган.

Гүлнара Баатырова Кыргыз мамлекеттик медицина институтун врач-дарылоочу кесибин аяктаган.

2001-2013-жылдары Ош облусунун Кара-Суу райондук Үй-бүлөлүк медицина борборунун директору, Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык аккредитациялоо комиссиясынын төрайымы болуп иштеген.

Жанылыктар