Футболчу Бекназ Алмазбеков Түркиянын “Галатасарай” клубунун негизги курамында машыгууда

Кыргызстандык футболчу Бекназ Алмазбеков 7-февралдан баштап Түркиянын “Галатасарай” клубунун негизги курамында машыга баштады. Бул тууралуу футбол клубдун расмий “Инстаграм” баракчасы жазды.
Алмазбеков буга чейин аталган клубдун жаштар командасында ойночу. Ушул жумада 16 жаштагы футболчу Түркиянын суперлигасында “Галатасарай” – “Кайсериспор” командаларынын беттешүүсүндө ойнору да кабарланган.
https://www.instagram.com/p/CZrKLjPL-Ot/?utm_source=ig_web_copy_link
Футболчу Түркияга 2019-жылы барган. Буга чейин түрк медиасынын мактоосуна арзып, соцтармакта Бекназ бул клубдун жетекчиси Фатих Теримдин “ханзадасы” деп аттыккан.
Ал эми, 2020-жылы Алмазбеков Акыйкат оюн боюнча эл аралык комитетинен (International Fair Play Committee) футбол беттешинде таза оюн көрсөткөнү үчүн World Fair Play Awards сыйлыгына татыган. Анда 2019-жылы март айында “Галатасарайдын” 14 жашка чейинки оюнчулары “Стамбулспорт” командасы менен беттешкен. Оюндун 42-мүнөтүндө галатасарайчылардын капитаны Бекназ Алмазбеков чабуул коюп баратып, атаандашын алдоо учурунда жыгылып кеткенде калыс пенальти дайындаган. Бекназ эсепти жаңыртуу ордуна пенальти болбогонун айтып, көрүүчүлөрдү да, атаандаштарын да таң калтырган.
Бирок, калыс чечимин өзгөртпөй, пенальти тептиргенде Бекназ буга каршылык билдирип, топту дарбазага эмес, четке тээп койгон. Кыргызстандык жаш футболчунун бул аракетин атаандаштары да кол чаап кубаттап, түркиялык жана дүйнөлүк медиа жаш футболчу үлгү көрсөткөнүн жазып чыгышкан.
Эл аралык комитет Бекназ Алмазбековдун бул кадамын таза, акыйкаттуу деп баалап абройлуу сыйлыкты тапшырган. Бекназ Алмазбековдун футболдогу жетишкендиги бааланып, Түркиянын университеттери да сыйлыктарды тапшырган.