Футбол: Сауд Арабияда жеңиштин урматына эс алуу күнү жарыяланды

 Футбол: Сауд Арабияда жеңиштин урматына эс алуу күнү жарыяланды

Сауд Арабияда футболчулар дүйнө чемпионатында Аргентинаны жеңип алышынын урматына 23-ноябрь эс алуу күнү деп жарыяланды. Бул тууралуу

Мындай чечимди өлкөнүн падышасы Салман ибн Абдул-Азиз Аль Сауд сенсациялык жеңишти майрамдоо үчүн кабыл алган. Бул күнү студенттер да эс алат.

“Падыша мураскер ханзада Мухаммед бин Салмандын улуттук команда Аргентинаны утуп алышын майрамдоо үчүн дем алыш күнүн жарыялоо сунушун жактырды”, — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, дүйнө чемпионатында фаворит аталган Аргентинанын командасын Сауд Арабиянын футболчулары 2:1 эсебинде утуп, сенсация жараткан. Алар C тайпасынын биринчи беттешине чыгышкан.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар