Футбол: Мессинин голу жана ассисти Аргентинага алгачкы жеңишти алып келди

 Футбол: Мессинин голу жана ассисти Аргентинага алгачкы жеңишти алып келди

Бүгүн, 26-ноябрда “D” тайпасынын 2-турунда Аргентина курама командасы Мексика менен беттешти. Командалар оюнду Лусаил шаарындагы Lusail Iconic стадионунда өткөрүштү. Беттештин башкы калысы Даниэле Орсатонун старттык ышкырыгы Бишкек убактысы боюнча саат 01:00дө жаңырды.

Жолугушуунун биринчи жарымында эки дарбазага тең коркунучтуу абал жаралган жок, бирок эки тараптуу күрөштө өттү. Аргентина топко ээ болуп, Мексика кооптуу контрчабуулдарды жасоого аракет кылды. Жалпысынан командалар 20 жолу эреже бузган, бирок башкы калыс эки гана сары кагаз менен жооп кайтарган.

Аргентина экинчи бөлүктө эсеп ачууга жетишти. 64-мүнөттө Анхель Ди Мария айып аянтчанын алдында топту кабыл алып, Лионель Мессиге оң канаттан борборго пас берди. Аргентиналык жылдыз сол бутунан алыскы аралыктан сокку узатты. Таамай соккуну Очоа да тосо алган жок. Ал эми экинчи гол 87-мүнөттө жаралды. Месси бурчтан чыгарылган топту айып аянтчага узатуу узатса, жарым коргоочу Энцо Фернандес атаандаштарын жаздырып өтүп, командасынын артыкчылыгын бекемдеди.Оюн 2:0 эсебинде жыйынтыкталды.

Бул жеңиш менен Аргентина 3 упайга ээ болуп, С тайпасында экинчи орунга көтөрүлдү, 1 упай менен Мексика төртүнчү орунга түштү.

 

 

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар