Футбол: Күндүн оюну Англия менен Иран беттешет

 Футбол: Күндүн оюну Англия менен Иран беттешет

Катарда дүйнө чемпионатынын экинчи күндүк оюндары өтөт. Бүгүн, 21-ноябрда В тайпасынын 1-турунун алкагында Англия менен Ирандын беттеши орун алат. Оюн 45 416 көрүүчүгө ылайыкталган Халифа эл аралык стадионунда өтөт. Бишкек убактысы боюнча саат 19:00дө старт ышкырыгы жаңырат.

Букмекерлердин айтымында, Англия жолугушуунун абсолюттук фаворити болуп саналат. Бирок Англия бул сезондо алты расмий матчтын бирин да жеңе алган эмес.  Англия Улуттар Лигасында үч жолу жеңилүү ызасын тартып, үч жолу тең чыккан. Белгилей кетсек, бүгүн Англиянын старттык курамында Гарри Магуайр да бар.

Бирок Карлуш Кейруштун командасында гол киргизе турган оюнчулар бар. Мисалы “Зениттин” мурдагы чабуулчусу Сердар Азмун, ошондой эле Чемпиондор Лигасынын ушул сезондун үчүнчү бомбардири Мехди Тареми беш гол жараткан. Бирок ирандыктар да акыркы матчтарда стабилдүүлүк көрсөтө элек.  Акыркы жети беттештин үчөөндө гана жеңишке жетип, дагы үчөөндө, анын ичинде Англия менен жолугушууга беш күн калганда Туниске (0:2) утулуп калган.

Англия 1966-жылы дүйнө чемпиону болгон. Иран курама командасы тарыхта алтынчы жолу дүйнөлүк чемпионатка катышууда. 2022-жылы футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат Катарда 20-ноябрдан 18-декабрга чейин өтөт. Өлкө биринчи жолу бул турнирди өткөрүүдө. Чемпионатты календардык жылдын аягында өткөрүү чечими климаттык шарттарга байланыштуу кабыл алынган.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар