Футбол: Германия алгачкы оюнда Японияга утулуп калды

 Футбол: Германия алгачкы оюнда Японияга  утулуп калды

Катарда өтүп жаткан дүйнө чемпиондугунун тайпалык баскычтарында Германия менен Япония беттешип, 2: 1 эсебинде Япония жеңишке жетти.

33-мүнөттө Илкай Гүндогандын пенальтиден таамай соккусунан кийин эсеп ачылган. Экинчи таймда алмаштыруудан кийин Рицу Доан менен Такума Асано япониялыктарга жеңишти алып келишти. 71-мүнөттө талаага чыккан Доан 4 мүнөттөн кийин гол киргизди. Жолугушуунун аягында Асано гол жаратып, өз командасы үчүн жеңиш алып келди.

Германиянын курама командасы дүйнөлүк чемпионаттын акыркы төрт беттешинде бир гана жеңишке жетишти. Орусияда өткөн акыркы дүйнөлүк чемпионатта европалыктар Швеция менен беттешип, Мексика менен Түштүк Кореянын командаларына утулуп калган.

Катардагы турнирде Ханс-Дитер Фликтин командасы Испания жана Коста-Рика курама командалары менен беттеше элек. Кийинки турда немистер испандар менен беттешет. Ал эми Испания жаш футболчулардан куралган командасы алгачкы оюнун 7:0 эсебинде жеңген.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар