Финансы пирамидасын уюштурган Казакстандын жараны Кыргызстандан экстрадицияланды

 Финансы пирамидасын уюштурган Казакстандын жараны Кыргызстандан экстрадицияланды

Финансы пирамидасын уюштурган Казакстандын жараны Кыргызстандан экстрадицияланды. Бул тууралуу башкы прокуротуранын басма сөз кызматынан билдирди. 

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Башкы прокуратурасы тарабынан Казакстандын Башкы прокуратурасынын А.Д.М. аттуу казакстандык жаранды уюшулган кылмыштуу топту түзүү жана финансылык (инвестициялык) пирамиданы уюштурууга катышуу фактысы боюнча кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу максатын көздөп жиберилген суроо-талабы каралып, канааттандырылды.

Жогоруда көрсөтүлгөн атуулдун кылмыштуу кыймыл-аракеттеринин натыйжасында жабырлануучуларга – Казакстан Республикасынын жарандарына 4 млрд. тенгеден ашуун өлчөмдөгү материалдык зыян келтирилген.

Айыпталуучуну Казакстан тарапка өткөрүп берүүнү уюштуруу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Жазаларды аткаруу кызматына тапшырылган.

2022-жылдын 16-февралында издөөдө жүргөн адам Казакстан Республикасынын компетенттүү органдарына өткөрүлүп берилди.

Финансы пирамидасын уюштурган Казакстандын жараны Кыргызстандан экстрадицияланды

Жанылыктар