Финансы министрлигинин кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

 Финансы министрлигинин кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

Финансы министрлигинин Ички аудит кызматынын төрагасы 150 миң сом пара менен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Финансы министрлигинин Ички аудит кызматынын төрагасы Р.С. кызмат абалынан пайдалануу менен кол алдында иштеп жаткан бөлүм башчы аркылуу аудитор кызматына жумушка алуу үчүн 150 миң сом талап кылып алган.

Аталган факт боюнча “Опузалап пара алуу” фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү тергөө абагына камакка алынды.

Жанылыктар