ФИФА: Лионель Месси экинчи жолу «Жылдын мыкты оюнчусу» аталды

 ФИФА: Лионель Месси экинчи жолу «Жылдын мыкты оюнчусу» аталды

“ПСЖ” клубунун жана Аргентинанын чабуулчусу Лионель Месси карьерасында экинчи жолу ФИФАнын “Жылдын мыкты оюнчусу” наамын алды. Буга чейин жылдыз чабуулчу сыйлыкка 2019-жылы татыктуу болгон. Месси ПСЖ командасындагы өнөктөшү Килиан Мбаппени жана “Реал Мадриддин” оюнчусу Карим Бенземаны жарышта артта калтырган.

Месси Аргентина курамасы менен Катарда өткөн Дүйнө чемпиондугун жеңип, турнирдин “эң мыкты оюнчусу” сыйлыгын алган. Финалдык беттеште түштүк америкалыктар Франция менен болгон драмалык беттеште (3:3, 4:2 пен.) утуп алган.

Аргентиналык чабуулчу “Алтын топтун” жети жолку жеңүүчүсү, ал бул көрсөткүч боюнча рекордсмен.

ФИФА аземинде Түштүк Америка командасынын башка өкүлдөрү да сыйлыктарды алды. «Жылдын мыкты дарбазачысы» Эмилиано Мартинес, ал эми «мыкты машыктыруучу» деп Лионель Скалони аталды.

Исхак Туратбек уулу

https://oshtv.kg/

Жанылыктар