Европада аптаптуу ысыктан 700дөн ашык киши каза болду

 Европада аптаптуу ысыктан 700дөн ашык киши каза болду

Европаны кайрадан аптаптын жаңы толкуну каптады. Бир нече өлкөдө күндүн табы кескин көтөрүлүп, жүздөгөн гектар аянт токой жана эгин талаалары өрттөндү. Ысыктан улам ондогон адамдар жана жүздөгөн мал-жандыктар өлүп, миңдеген адам үй-жайын таштап чыгып кетүүгө аргасыз болду.Окумуштуулар ысыктын аномалдык толкундарын глобалдык климаттын жылышы менен түшүндүрүп жатышат. Испанияда канча күндөн бери абанын температурасы 40 градустан өйдө болуп жатат. Өлкөдө токойлордо отуздан ашык жерде өрт чыгып, 30 миң гектар аянт күйдү. Өрттөн улам миңдеген адам эвакуацияланды. Коңшу Португалияда да узаган аптада абанын табы 47 градуска чейин жетти, 12 миң гектардай талаа күйдү. Күн сууктагандан улам өлкө түндүгүндө өрттөрдү өчүрүүгө мүмкүнчүлүк болду. Испания менен Португалияда жалпы өрттөн жана аптаптан улам 700дөн ашык киши каза болду.

Жанылыктар