Европа лигасы: “Барселона” менен “Манчестер Юнайтед” жеңүүчүнү аныктай алган жок

 Европа лигасы: “Барселона” менен “Манчестер Юнайтед” жеңүүчүнү аныктай алган жок

BARCELONA, SPAIN – FEBRUARY 16: Robert Lewandowski of FC Barcelona shoots past Raphael Varane of Manchester United during the UEFA Europa League knockout round play-off leg one match between FC Barcelona and Manchester United at Spotify Camp Nou on February 16, 2023 in Barcelona, Spain. (Photo by David Ramos/Getty Images)

Бүгүн, 17-февралда Испаниянын Барселона шаарындагы Spotify Камп Ноу стадионунда Европа Лигасынын 1/16 финалынын алгачкы оюну өттү. Анда  “Барселона” менен англиялык “Манчестер Юнайтед” ортосундагы биринчи оюн 2:2 эсеби менен аяктады.

Биринчи таймда Барселонанын дарбазасына бир нече кооптуу учурлар болгонуна карабай, командалар бири-биринин дарбазасына сокку ура алышкан жок. Экинчи таймда эсеп 50-мүнөттө каталониялык коргоочу Маркос Алонсондун аракети менен ачылып, Рафиньянын бурчтан сокку узаткан тобунан кийин ал башы менен гол киргизди (1:0). 53-мүнөттө Юнайтеддин чабуулчусу Маркус Рэшфорд дарбазанын жакын бурчуна сокку узатып эсепти теңеди (1:1). 59-мүнөттө Барселонанын коргоочусу Жюль Кунде топту каталондуктардын дарбазасына киргизди (1:2). 76-мүнөттө Рафинья Кунденин пасы менен эсепти теңеди (2:2).

Барселона бул сезондо Чемпиондор Лигасынын тайпалык бөлүгүндө Бавария Мюнхен, Интер Милан жана Виктория Пилсен менен үчүнчү орунду ээлегенден кийин Европа Лигасына жолдомо алды. “Манчестер Юнайтед” Европа Лигасынын тайпасында “Реал Сосьедад”, “Шериф” жана Омония менен 2-орунду ээледи. Юнайтед менен Барселонанын жооптук оюну 23-февралда Манчестерде өтөт.

Исхак Туратбек уулу

https://oshtv.kg/

Жанылыктар