Европа өнүктүрүү банкы Оштогу каналды оңдоого 17,8 млн евро бөлөт

 Европа өнүктүрүү банкы Оштогу каналды оңдоого 17,8 млн евро бөлөт

Бүгүн, 16-февралда Жогорку Кеңеш Кыргызстан менен  Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынынын Араван — Ак-Буура каналын реконструкциялоо долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда карап, аны жактырды.

Анда айыл чарба министринин орун басары Мурат Раматов баяндама жасап, долбоордун максаты — Ош облусунун Кара-Суу жана Араван райондорундагы Араван — Ак-Буура каналын модернизациялоо жана реконструкциялоо боюнча курулуш иштеринин аткаруу экенин билдирди.

“Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында 21 миң гектарга жакын аянтын суу менен камсыздалышы жакшырат. Мерчемделген иштерди ашыруу үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан жалпы суммасы 17 870 000 евро болгон каражат бөлүнүп берилет, анын ичинде кредиттик келишимге ылайык – 14 130 000 евро, гранттык макулдашууга ылайык – 3 740 000 евро”, — деди Раматов.

Баяндамачы, депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, кредиттик каражаттар 15 жылга, төрт жылдык жеңилдетилген мөөнөткө жана өзгөрүлмө пайыздык чен менен берилерин кошумчалады.

Талкуу маалында эл өкүлдөрү Дастанбек Жумабеков менен Адахан Мудумаров Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы 141 миң 300 евро өлчөмүндөгү комиссиялык төлөмдү кармап калуу маселесин такташты. Алсак, депутат Адахан Мадумаров: «Эмне үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы комиссияны кармап калат?», — деген суроо азатты. Депутаттардын суроосуна Финансы министринин орун басары Руслан Татиков бул стандарттуу процедура деп жооп берди.

Жанылыктар