Евробиримдик Иранга каршы жаңы санкцияларды киргизди

 Евробиримдик Иранга каршы жаңы санкцияларды киргизди

Европа биримдиги (ЕБ) Иранда адам укуктарынын бузулушуна күнөөсү бар кызмат адамдарына кошумча санкцияларды киргизгенин жарыялады.

Маалыматка караганда, санкциялык тизмеге ирандык 11 жаран жана төрт уюм кирди. Арасында Адеп-ахлак полициясы, анын эки өкүлү жана иран укук коргоо органдары бар. Алар хижабсыз жүргөнү үчүн кармалгандан кийин каза болгон 22 жаштагы Махса Амининин өлүмүнө байланыштуу башталган нааразылык акцияларды күч менен басууга айыпталууда.

Мындан тышкары санкциялык тизмеге Ирандын маалымат жана технологиялар министри киргизилди. Ал нааразылыктар башталгандан кийин өлкөдө интернеттин өчүрүлүшүнө жооптуу деп табылды.

Брюссель Россияга учкучсуз учуучу аппараттарды ыктымал берип жатканы үчүн да Тегеранга жаңы санкцияларды киргизүү маселесин талкуулоого даяр экенин билдирди.

Буга чейин Киев Россияга курал-жарак берүү менен Иран Украинага каршы агрессиянын жана аскердик кылмыштардын катышуучусу болуп каларын билдирген.

 

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар