Эскертүү! Ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу бар

 Эскертүү! Ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу бар

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөнүн тоолуу райондорунда жана ашууларда кар көчкү түшүү коркунчу бар экенин эскертти.

Белгиленгендей, 8-ноябрдан 10-ноябрга чейин жаап жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек — Ош унаа жолунун 121-128 чакырымдарындагы Төө-Ашуу ашуусусунда, 198-246 чакырымдарындагы Ала-Бел ашуусунда, Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлүүдө.

Жаан-чачын жана тоолу аймактарда кар жаап жаткандыктан, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Андыктан, унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Айдоочулардын эсине!

ӨКМ айдоочулар унаада күрөк, дөңгөлөк чынжырчасын, ысык суу, жол азыгы жана дары-дармек кутучасын алууну унутпоону эскертет.

Кырсык катталган учурда же жардамга муктаждык жаралганда  “112” кызматына чалууга болот.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар